19- Ноябрь 1770 -жылы орусиялык жер кезүүчү, адмирал Иван Крузенштерн төрөлгөн
Орусиялык жер кезүүчү, адмирал Иван Крузенштерн төрөлгөн. Ал Жер шарын толук айланып чыгуу боюнча түзүлгөн алгачкы орус экспедициясынын жетекчиси, деңиз саякатчысы болгон.
Он эки жашынан баштап үч жыл Ревелде (Таллин) чиркөө мектебинде, андан соң Кронштадт шаарынын Деңиз кадеттик корпусунда окуган. 1788-жылы май айында Швеция менен согуш болгонуна байланыштуу "Мстислав" кемесине мичман болуп дайындалган. Мындан кийин көп согуштарда өзгөчөлөнүп лейтенант наамына ээ болгон. 1793-жылы Англияга окууга барып, англиялык флот менен Америкага барып, франциялык кемелер менен согушка катышкан. Барбадос, Суринам, Бермуд аралдарына, Бенгалия булуңуна барып, Ост-Инд сууларын изилдеп, Орусия үчүн соода жолдорун ачууга аракет кылган.
1799-жылы Петербургда чогултулган маалыматын жарыялаган, бирок анын сунушу четке кагылган. 
1802-жылы Орусия-Америка компаниясы ушундай эле долбоорду сунуштаган, Александр I ал долбоорду жактырып, Жер шарын толук айланып чыгуу экспедициясын жабдуу боюнча чечимин чыгарып, Иван Фёдорович эсине түшкөн. 
"Надежда" жана "Нева" кемелерине Крузенштерн башчы болуп дайындалып, 1803-жылы 7-августта Кронштадттан Юрий Лисянский менен биргеликте саякатка чыккан. 
Иван Крузенштерн 1846-жылы 24-августта Эстлян губерниясында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан