реклама

9-ноябрь, 1984-жылы түштүк кореялык актриса Гу Хё Сон төрөлгөн

Дүйнө
Түштүк кореялык "Мыкты жигиттер" сериалында Гым Чан Динин ролун аткарган актриса Гу Хе Сон Түштүк Кореянын Инчхон шаарында төрөлгөн. Актриса Сеул искусство институтунун радио жана телекөрсөтүү бөлүмүн бүтүргөн. Хе Сон 2004-жылы “Анаграмма” аттуу коркунучтуу фильмге тартылат. Ал эми 2009-жылы тартылган “Мыкты жигиттер” тасмасы ага атак алып келген. Андан сырткары Ку Хе Сон “Падыша жана мен”, “Со Дон”, "Нон-стоп 5" тасмаларында роль жараткан.
2009-жылдын 1-апрелинде анын “Танго” аттуу китеби жарык көрүп, жаш жазуучунун бул биринчи романы 30 миң нускада басылып чыккан. Андан сырткары Хе Сон “Кубанычтуу официант” аттуу кыска метраждуу тасма тартып, ал тасмага өзү режиссёр, сценарист, композитор болгонго жетишкен. Хе Сондун бул тасмасы Азия кинофестивалында көрсөтүлүп, “Элдин сүйүктүү тасмасы” сыйлыгын жеңип алган. Актрисанын дагы бир таланты – сүрөтчүлүк. Ал 2009-жылдын 1-июлунда Сеулда “Танго” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсүн элге тартуулаган. Ку Хе Сон күйөрмандарына 30 жашында турмушка чыга тургандыгын айтып, сөз берген. 2015-жылы актёр Ан Чжэ Хён менен сүйүү мамилесинде болуп, 2016-жылы экөөнүн үйлөнүү тою өткөн.
  (34 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9002;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: