28- Ноябрь 1880 -жылы 5 жашында ыр жаза баштаган орус акыны, Менделеевдин күйөө баласы Александр Блок төрөлгөн
Орус акыны, XX кылымдагы орус адабиятынын классиги, Орусиянын улуу акындарынын бири Александр Блок Санкт-Петербург шаарында төрөлгөн. Ал Санкт-Петербург шаарында философия жана укук илимдеринин профессорунун үй-бүлөсүндө чоңойгон. 1898-жылы гимназияны аяктап, Санкт-Петербург университетинин юридикалык факультетине тапшырган. Үч жылдан кийин тарых-филологиялык факультетине которулуп, аны 1906-жылы аяктаган.
Блок алгачкы ырын 5 жашында жазган. Ал эми 10 жашында "Корабль" журналынын 2 санын даярдаган. 1894-1897-жылдары "Вестник" колдо жазылган журналын туугандары менен биргеликте чыгарган. 1912-жылы "Роза жана Крест" аттуу драмасын жазган. 
Блокко Совет бийлигин кабыл алуу оорго туруп, бирок аны ар кандай мамлекеттик иштерге орноштура беришкен. Бул тууралуу Блок "мени ичип түгөтүштү" деп жазган. Акындын ырларынын көпчүлүгү мекенинин, андагы элдин тагдыры тууралуу жазылган. Буга мисал катары "Ата Мекен", "Куликов талаасында", "Кар жамынган жер" ыр жыйнактарын жана "Скифтер", "Өч алуу" поэмаларын айтууга болот. 
1903-жылы А.Блок белгилүү химик Дмитрий Менделеевдин кызына үйлөнгөн. Акын 1921-жылы 7-августта Петроград шаарында ооруп каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан