29- Ноябрь 1899 -жылы Футболдук “Барселона” клубу түзүлгөн
Швейцариялык Жоан Гампер 11 кишини бириктирип, футболдук клуб түзөт да, ага Каталония провинциясынын борборунун атын ыйгарат. 1929-жылы өлкөнүн Улуттук Лигасы түптөлүп, “Барселона” алгачкы чемпион болгон. Клубга биринчи сокку 1936-1939-жылдары урулган. Өлкөдөгү жарандык согуш учурунда бийликти алган Франко баштаган фашисттер “Барселона” “улутчулдар уюму” деп, президент Хосеп Суньолду өлтүрүп, клубдун үстүнөн өз билемдик саясатын уюштурушкан. Фашисттик диктатура орноп, Каталониянын тилине, туусуна тыюу салынып, клубга да аталган тилдеги атын өзгөртүү талабы коюлган. Бирок “Барселона” атын өзгөртпөй, англис тилине которуп кутулган. 1975-жылы франкисттердин доору бүткөн соң гана өз атын кайра алган.
"Барселона” – Испаниянын Жогорку Лигасында “өмүр бою” ойноп келаткан үч команданын (“Реал Мадрид”, “Атлетик Бильбао”) бири. Андан тышкары "Барса" – Европа сезонун бир да жолу коё бербеген жалгыз команда.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан