1- Декабрь 1973 -жылы израилдик саясий жана мамлекеттик ишмер Давид Бен-Гурион каза болгон
Азыркы Израилдин негиздөөчүлөрүнүн бири, эки жолу өкмөт башчы болгон Давид Бен-Гурион 87 жашында Тель-Авивде каза болгон.
Давид Бен-Гурион 1886-жылы 16-октябрда төрөлгөн. Ал сионизмдин ишмери, Палестинадагы жөөттөр кыймылынын лидери, Израилдеги Еврейлер агенттигинин төрагасы (1935-1948), Израилдин премьер-министри (1948-1953 жана 1955-1963-жылдары), Израилдин алгачкы 10 бийлигинде коргоо министри, Израилдин 3-бийлигинде транспорт министри болгон. 
Давид Бен-Гурион 1948-жылы 14-майда Израилдин эгемендүүлүгүнүн декларациясын жарыялап, Израилди башкара баштаган. Анын башкаруусунда Израиль өзүнүн эгемендүүлүгүн Араб-Израиль согушунда сактап кала алган (1947-1949).
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан