реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

7-декабрь, 1988-жылы Арменияда чоң зилзала катталган

Дүйнө

Арменияда чоң зилзала катталган. Жер астындагы катуу силкинүүлөр жарым мүнөттө өлкөнүн 1 миллион калкы бар түндүк бөлүгүн талкалаган. Эпицентр болгон Спитак шаарында жер титирөөнүн күчү 11,2 баллга жеткен. Кырсыктын кесепетинен 25 миңден ашуун адам курман болуп, 19 миңге жакын адам майыпка айланган. 530 миң адам турак-жайсыз калган.

Спитак шаары жана 58 айыл толугу менен кыйроого учураган. Ал эми Ленинакан, Степанаван, Кировакан жана башка 300дөн ашуун калк жашоочу аймак зыян тарткан. 600 чакырым унаа жолу жана 10 чакырым темир жолу жарактан чыгып, 230 өнөр жай ишканасы бузулган.Кырсыктан кыйраган Армения өлкөсүн калыбына келтирүү үчүн 45 миң куруучу иштеген. Жыл сайын 7-декабрда Арменияда бул жер титирөөнүн курмандыктарын эскерип турушат.

 (29 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8912;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: