20- Январь 2010 -жылы “Ак жол” фракциясы төрт казак пансионатына Ысык-Көлдөгү 59 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү боюнча келишимин кабыл алган
“Ак жол” фракциясы төрт казакстандык пансионатка Ысык-Көлдөгү 59 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү боюнча келишимдин ратификациясын жактырып, аны кабыл алган. Эгер буга чейин коңшулар жер салыгын жана башка салыктарды гана төлөп келишсе, келишим кабыл алынгандан кийин ижара төлөмүн да жасап, 1 гектар жерге жылына жыйырма төрт миң сом төлөнөрү маалым болгон. 
Айрым депутаттар жергиликтүү экологдор жана башка текшерүүчүлөр, ошондой эле катардагы эс алуучулар пансионаттарга кире албай калышы мүмкүн деген ойлорду билдиришкен. Бирок ал жагдайлар келишимде каралганын, эгерде казак тарап ал жоболорду аткарбаса, анда келишимди бузууга мүмкүн экени айтылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан