25- Январь 1533 -жылы англиялык падыша Генрих VIII жашыруун түрдө Анна Болейнге үйлөнгөн
Англиялык падыша Генрих VIII жашыруун түрдө Анна Болейнге үйлөнүп, ал үчүн кийин чиркөөдөн четтетилген. 
Жалпысынан Генрих VIII 6 жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Екатерина Арагонская болгон. Ал алгач Генрих VIIIнин агасы Артурга тийген. Артур каза болуп, Генрих VIII тактыга келгенде кайрадан жаңы падышанын жубайы болгон. Экөөнөн төрөлгөн балдар токтобой, 1516-жылы төрөлгөн Мария аттуу кызы гана аман калган. Генрих VIII уулдуу болууну самап, Екатерина менен ажырашуунун жолдорун издей баштаган. 1533-жылы расмий түрдө жубайы менен ажырашып, көптөн бери жактырып жүргөн Анна Болейнге үйлөнгөн. Анна Болейн падышага көптөн күткөн уулдун ордуна Елизавета аттуу кыз төрөп берген. Кийин уул төрөп берем деген аракеттери ийгиликсиз аяктап, ага болгон падышанын сүйүүсү өчкөн. Көп өтпөй 1536-жылы Анна Болейн "жолдошунун көзүнө чөп салган" деп шектелип, башы алынган. Экинчи жубайынын башы алынгандан бир жума өткөндөн кийин падыша Жейн Сеймур аттуу айымга үйлөнгөн. Жейн Сеймур падышага уул төрөп, төрөт убагында каза болгон. 
Кийин падыша Генрих VIII Анна Клевская, Екатерина Говард, Екатерина Парр аттуу айымдарга үйлөнүп, бирок алардан балалуу болгон эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан