4- Февраль 2011 -жылы Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 4-февралдагы отурумунда апрель окуяларынан бери мэрдин милдетин аткарып келген Иса Өмүркулов жана вице-мэр Вячеслав Красиенконун талапкерлигин шаар мэринин кызматына көрсөтүшкөн. Бирок Красиенко Өмүркулов канааттандырарлык иштеп жатканын кабарлап, өз демилгеси менен шайлоого катышуудан баш тарткан. 
Натыйжада шаардык кеңештин депутаттары бир талапкер үчүн жашыруун добуш берип, 40 депутаттын ичинен 39 депутат Иса Өмүркуловду колдогон. Шаар башчысына шайлоо өткөрүү 2-февралдагы президент Роза Отунбаеванын буйругуна ылайык ишке ашкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан