8- Март 1949 -жылы “Он сегиз жаш” аттуу ыры менен белгилүү болгон ырчы Зейнеп Шаакеева туулган
“Он сегиз жаш” аттуу ыры менен белгилүү болгон ырчы Зейнеп Шаакеева туулган. 1965-жылы июнь айында Бишкек шаарындагы азыркы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында республикалык өздүк көркөм чыгармачылыктын кароосунун жеңүүчүлөрүнүн корутунду концерти өткөн. Анда Чүйдүн Ысык-Ата районунун Киров айыланан келген 16 жашар Зейнеп Шаакеева обончу Аксуубай Атабаевдин "18 жаш", "Чагылган" аттуу ырлары менен чоң сахнага кадам таштаган. 
Ал эми 1966-жылы Зейнеп Шаакеева Кыргыз улуттук филармониясынын эл шайырлар тобуна кабыл алынган. Зейнеп Шаакееванын элдик ырчы аталышына, шыгынын жанышына, өркүндөшүнө залкар дирижёр Асанкан Жумакматовдун салымы чон болгон. Ал ырчынын үнүнө, аткаруучулук чеберчилигине төп келген обондору, сөздөрү терең мазмундуу, эл жүрөгүнөн түнөк тапкандай ондогон ырларды иштеп чыккан. Ал өзү жетектеген Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин коштоосунда Зейнеп Шаакееваны ырдатып, калк алдына алып чыккан. Шаакееванын туубаса ырчылык шыгы, аткаруучулук жүзү обончулар Үсөн Сыдыковдун “Кыргыз күүсү”, “Күн чыгышым”, “Сени ойлосом”, “Өзүңдү эстеп”, Бейшеке Жандаровдун “Жыпары белең баланын”, “Сагынга”, “Өкүнүч”, Аксуубай Атабаевдин “Таалайбек”, “Чагылгын”, “Он сегиз жаш” аттуу махабат ырларын оркестрдин коштоосунда ырдап чыккан күндөн аткаруучулук чыгармачылыгы бажырая ачылып, угармандардын урматтоолоруна ээ болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан