28- Май 1894 -жылы Төкмө акын Алымкул Үсөнбаев туулган
Кыргыз ССРинин эл артисти, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев Талас өрөөнүндөгү Кара-Арча айылында төрөлгөн. Ал ырчылыкка 13 жаш курагында кирише баштаган. 14 жашында улуу акын Токтогул Сатылгановго жолугуп, андан таалим алган.
1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштей баштаган. Алымкул Үсөнбаев Кыргызстан жазуучулар Союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. 1939-жылы ага Кыргыз ССРинин Эл артисти наамы берилген. 1938-1963-жылдары Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Кыргыз адабияты менен искусствосуна сиңирген кызматы үчүн Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Акын - "Ырлар жана поэмалар", "Согушуп жаткан эрлерге", "Комуз", "Улуу дос", "Тандалган ырлар", "Too булбулу", "Биринчи бригада" өңдүү 30дан ашык китептин автору. Ал кыргыз элинин "Эмгекчи жолборс", "Козолшаа", "Байгабыл абышка", "Жолборс минген киши" өңдүү жомокторун ырга айландырган. "Олжобай менен Кишимжан", "Саринжи Бөкөй", "Кожожаш" эпостору Алымкул Үсөнбаевдин оозунан жазылып алынган.
Алымкул Үсөнбаев 1963-жылы дүйнөдөн өткөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан