22- Март 1945 -жылы Каирде Араб өлкөлөрүнүн лигасы негизделген
Араб өлкөлөрүнүн Лигасы араб мамлекеттеринин карым-катнашын чыңдоо, саясий аракеттерин координациялоо, көз каранды эместигин жана суверенитетин коргоо максатында түзүлгөн уюм. Каирде Египет, Ирак, Сирия, Ливан жана Иорданиянын (Трансиордания) өкүлдөрүнүн конференциясында негиз салынган. Кийин Лигага дагы бир катар өлкөлөр кирген. 1973-жылы апрелде бул уюмда 18 мамлекет болгон. Лиганын жогорку органы - Кеңеш (буга уюмга мүчө мамлекеттердин баарынын өкүлү кирет), аткаруу органы - Башкы катчылык (5 жылдык мөөнөткө шайланат). Башкы катчылыктын алдында саясий, экономикалык, аскер иштери боюнча д.у.с. комитеттер иштеген жана алардын ООНдогу тиешелүү мекемелер менен байланышы болгон.
Араб өлкөлөрүнүн Лигасына Египет, Ирак, Ливан, Сауд Арабия, Сирия, Иордания, Түндүк Йемен, Ливия, Судан, Тунис, Марокко, Кувейт, Алжир, Йемен, Бахрейн, Катар, Оман, БАЭ, Мавритания, Сомали, Палестина, Жибути, Комор өлкөлөрү кирет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан