реклама

27-март, 1925-жылы Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун тарыхый I съезди болуп, Аткаруу комитетинин төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган

 
Кыргызстан
Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун тарыхый I съезди болуп, Аткаруу комитетинин төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган. Курултайга облус аймагынан 135 делегат чакырылып, алардын 81 кыргыз, 29 орус, калгандары башка калктардын өкүлдөрү болушкан. 
Облустук кеңештин уюштуруу курултайында "Кара-Кыргыз автоном облусунун жобосу" талкууга алынып, делегаттар Автономиялык уюмдашуунун башкаруу бийлик түзүлүшүнө өзгөртүү киргизүү үчүн пикир алмашышкан. 
Облустук жобону, тактап айтканда, Конституцияны иштеп чыгуу үчүн курамында Айдарбеков, Абдрахманов, Каменский, Султанаев жана Кизин турган атайын комиссия уюшулган. Атайын уюшулган комиссияга, Кара-Кыргыз автоном облусу деген аталыштан "Кара" сөзүн алып, расмий түрдө өлкөнүн Кыргыз автоном облусу деп жазылсын деген чечим чыгарылган.
  (95 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9073;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: