реклама

14-март, 1879-жылы Немис физик-теоретиги Альберт Эйнштейн төрөлгөн

Дүйнө
Немис физик-теоретиги, “Нобель” сыйлыгын лауреаты Альберт Эйнштейн Германиядагы Дунайдын сол жээгиндеги Ульм шаарында туулган.
9 жашка чыкканда ата-энеси аны Мюнхендеги католиктик даярдоо мектебинен, кийин гимназиядан окутушкан. Кийин Араудагы кантоналдык мектепти бүтүрүп келип, политехникалык институттун математика жана физика мугалимдерин даярдоочу педагогикалык бөлүмүнө экзаменсиз кабыл алынат. Студент болгондон кийин илимге болгон кызыгуусу артып, бир нече курстарга жазылып катыша баштайт.
Улуу философтордун, физиктердин илимий эмгектери менен кеңири таанышат, окуудан кийин бүт убактысын химиялык кабинеттин лабораториясында өткөрөт. 1900-жылы ал институтту эң жакшы деген баалар менен бүтөт. Бирок, туруктуу иш таба албай көпкө кыйналат.
Ошол убакта Берлинден чыгуучу "Физиканын анналдары" деген журналга анын теориялык физика боюнча макалалары жарыялана баштайт.
1902-жылдан баштап Берлиндеги патенттик бюродо референт болуп иштеп жүрүп, Европадагы физика жана математика боюнча жаңы эмгектер, ачылыштар менен "таанышат, бул ага жакшы таасир берет.
1905-жылы жазган "Броун кыймылдары" деген эмгегинде молекулалардын жана алардын кыймылдарынын реалдуулугунун аныктыгын далилдеген. Ошол эле жылы фотондор теориясын жана салыштырмалуулуктун атайын теориясын иштеп чыгат жана аны 1916-жылы формулага салган. 1933-1940-жылдары окумуштуу талаанын гравитациялык жана башка физикалык талаалардын жаратылышын түшүндүрүүчү бирдиктүү теорияны иштеп чыгууга аракеттенген. Анын эмгектери азыркы физика менен техниканын ажырагыс бөлүгүн түзөт. Атомдук энергияны согуштук максатка пайдаланууга чечкиндүү каршы чыккан.
Окумуштуу дүйнөнүн көптөгөн академиясынын жана илимий коомдорунун мүчөсү, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (1921), СССР Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү (1927) болгон.
Ал 1955-жылы дүйнөдөн кайткан.
  (139 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
8968;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: