реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

20-май, 1970-жылы Саясатчы жана жеке ишкер Өмүрбек Бабанов туулган

Кыргызстан
Саясатчы жана жеке ишкер Бабанов Өмүрбек Токтогулович Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чымкент айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1993-жылы К.А.Тимирязев атындагы Москва Айыл чарба академиясын бүтүргөн. 2005-жылы Эл чарба академиясынын Жогорку каржы менеджменти мектебинен, ал эми 2009-жылы КР Өкмөтүнө караштуу Юридикалык академиядан билим алган.
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси ченине ээ. Аймактык билим берүүгө кошкон меценаттык эмгеги үчүн атайын медаль менен сыйланган. "КМШ өлкөлөрүндөгү жыл тандоосу" долбоору боюнча "2004-жылдын бизнесмени" болуп аныкталган. "Айкөл Манас – Жыл адамы" сынагынын байге ээси.
Эмгек жолу:
1988-1999-жылдары - "Шымкентнефтеосинтездин" ыйгарым укуктуу өкүлү
1995-1998-жылдары - "Арлан" ишканасынын директору 
1999-2000-жылдары - "Мунай" ишканасынын башкы директорунун орунбасары 
2000-2004-жылдары - "Кыргызпахта" ишканасынын директору 
2004-2005-жылдары - "Мунай Мырза" Директорлор кеңешинин мүчөсү 
2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты 
2008-жылы - "Мунай Мырза Инвест" Директорлор кеңешинин төрагасы
01-10.2009-жылы - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри 
2009-2010-жылдары - "Мунай Мырза Инвест" Диркторлор кеңешинин төрагасы
01-10.2010-жылы - "Кыргызстан" банкынын Директорлор кеңешинин төрагасы 
12.2010-жылы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты 
17.12.2010-жылы - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри 
22.12.2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп, 2012-жылдын 1-сентябрында Өмүрбек Бабанов кызматынан кеткен.
 (47 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8910;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,079294919967651