Баннер
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
Жакында президенттик шайлоо өтө турган болсо, кимге добуш бермексиз?

29.05.2017-12.06.2017

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


20-май, 1506-жылы Испан деңиз саякатчысы Христофор Колумб каза болгон

Дүйнө
Атлантика океанын биринчи кесип өткөн испан деңиз саякатчысы Христофор Колумб каза болгон.
Христофор Колумбдун жашоосу тууралуу так маалыматтар аз. Ал 1451-жылы 9-октябрда Корсика аралында төрөлгөн. Азыркыга чейин Испания жана Италия өлкөлөрүнүн алты шаары анын мекени болуу укугун талашып келишет. 
Алгач Колумб Орто-Жер деңизине соода кемелери менен чыга баштаган. 1470-жылдары Лиссабонго көчүп, Португалиянын кемелери менен саякаттаган. 
Колумб официалдуу түрдө Атлантика океанын сүзүп өтүп, Европанын деңизде жүрүүчүлөрүнүн биринчиси болуп Кариб деңизине аттанган. Түштүк Американын ачылышна чоң салымын кошкон. Богам архипелагынын борбордук бөлүгүн, Чоң жана Кичи Антил аралдарын, Кариб деңизиндеги бир нече аралдарды жана Түштүк Американын жээгиндеги Тринидад аралын ачкан. 
Колумб 1506-жылы 20-майда мурда эле белгилүү болгон Индияга жаңы жол ачтым деген ойдо Севильяда каза болгон. 1540-жылы Карл V Колумбдун калдыктарын Гаитиге коюуну туура көрүп, Санто-Домингого салып жиберген. Кийин кайрадан Кубага жөнөтүлгөн.
 (511 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Учурда 0 адам бул окуяны кароодо

Жылнааманын статистикасы

Окуялар:
8820

Колдонуучулар:
67965
Жаңы катталган:
ilooklike
Эң көп колдонуучу:
43614
02 февраль 2017 10:01
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,049763917922974