реклама

12-июнь, 1963-жылы Спорт ишмери Шейшенкул Бакиров төрөлгөн

Кыргызстан
Дзюдо жана самбо боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикаснын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Шейшенкул Бакиров Нарын шаарында төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1980-жылы жаштардын СССР чемпиону, 1981-жылы самбо боюнча Бүткүл союздук Универсиада оюндарында коло байге, 1983-жылы СССР элдеринин Спартакиадалык оюндарында коло медаль уткан. 1985-жылы самбо боюнча СССР кубогунда коло байге алган. 1985-1986-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде инструктор, 1986-жылы "Красный Октябрь" колкозунда дзю-до боюнча машыктыруучу, 1986-1993-жылдары Н.Крупская атындагы республикалык балдар жатак-спорт мектебинде машыктыруучу, 1991-1993-жылдары Бишкектеги политекникалык институтта дене тарбия мугалими, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын дзю-до федерациясында тандалма команданын улук устаты, 1993-1997-жылдары "Кел-кел" АКда дзю-до машыктыруучусу, 1997-жылы Ш.Сыдыков атындагы РОРОЖдын устаты, 1999-2005-жылдары ушул окуу жайдын директорунун орун басары, 2005-2010-жылдары Бишкектеги Свердлов районунун олимпиадалык резерв балдар спорт мектебинин директору, 2010-жылдан бери Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы болгон. 2010-жылы Гуанджоудогу 16-Азия оюндарына дзю-дочуларды жетектеп барган. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.  (56 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9072;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: