реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

7-декабрь, 1975-жылы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү, экс-министр, Кыргыздын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султан төрөлгөн

Кыргызстан
Кылычбек Султан Камчыевич 1975-жылы 7-декабрда (документ боюнча 1976-жыл, 4-январь) Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган, финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон. 
2002-жылы - “Супер-Инфо” гезитин негиздеген;
2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору;
2005-жылдын ноябрь айында www.super.kg порталын негиздеген; 
2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары;
2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти; 
2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы;
2012-2013-жылдары - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министри;
2014-жылдын 20-ноябрынан 2016-жылдын 18-августуна чейин Кыргыздын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
2016-жылдын 5-декабрында өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалган.
2017-жылдын 28-октябрында Кыргыздын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
Сыйлык-наамдары:
2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиаменеджери” наамынын ээси болгон.
2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
 (42 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8912;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: