Борбор калаада "бычак менен коркутуп, унаасын айдап кеткен" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-февралда милицияга шаардын тургунунан арыз келип түшкөн. Анда ал белгисиз жаран аны бычак менен коркутуп, Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы С.Б. аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө улантылууда.