Депутаттар "жалаң гана жаман кабар издейсиңер" деп журналисттерди айыпташты

Бүгүн, 13-февралда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Турсунтай Салимовго караштуу жайдын "сойкукана" деп табылышы талкууланды. Депутат Эркин Сакебаев бул окуяны кесиптешин жаманатты кылуу аракети жана парламенттик шайлоо алдындагы “кара пиар” деп атады. "Айрым журналисттердин тактала элек маалыматты жаза бергени өкүндүрөт. Буга чейин "депутат Э.Иманкожоеваны "кара риелторлор" жактап жатат" деген жалган маалымат чыгыптыр. Журналисттер, алдын ала текшерип жазбайсыңарбы? Жалаң жаман маалымат издейсиңер! Жакшы окуялар болгондо чагылдырбайсыңар. Мисалы, жакында бир мектептин курулушуна капсула коюу аземине катышкан элек, бир да журналист келген жок",- дейт Сакебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан