Өткөн жылы Ош шаарынын бюджетин аткарууда 62 миллион сомго жакын каржылык тартип бузуулар катталган

Өткөн 2014-жылы Ош шаарынын бюджетин аткарууда 61 миллион 750,3 миң сом каржылык тартип бузуулар катталган. Бул тууралуу 4-мартта Ош шаарынын коллегиялык жыйынында биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмдөрү тарабынан 2014-жылдын 1-сентябрынан 23-октябрына чейин 2013-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча 61 миллион 750,3 миң сомдук каржылык тартип бузууларга жол берилгендиги аныкталган. 

"Анын ичинен бюджеттик жана атайын каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча 38 бюджеттен каржылануучу мекемеде, 4 өзүн өзү каржылоочу муниципалдык ишканада аудит жүргүзүлгөн. Анын ичинен: акча каражатынын кем чыгуусу 74,5 миң сом, товардык материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу 2 миллион 463,8 миң сом, эмгек акыларды негизсиз төлөө 1 миллион 428,2 миң сом, товардык материалдык баалуулуктарды негизсиз жоюу 19 миллион 354,7 миң сом, сапар чыгымдарына ашыкча төлөө 875,8 миң сом, курулуш-монтаждоо иштерине кетүүчү чыгымдарды негизсиз жогорулатуу 21 миллион 790,3 миң сом, бюджеттик жана атайын каражаттарды максатсыз пайдалануу 3 миллион 146,3 миң сом, дебитордук карыздарды бекитүү 5 миллион 321,6 миң сом, республикалык бюджеттен каржыланган мекемелерге акча каражатын бөлүү 7 миллион 579,4 миң сом, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салыктарды жана Социалдык фондго төлөмдөрдү кем чегерүү 614,8 миң сом",- деди биринчи вице-мэр З.Аскаров.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Улан Примов, шаардык кеңештин депутаттары жана калаадагы бардык мекеме ишканалардын жетекчилери катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
edu.kg
2015-03-04 17:38:48
Мырзакматовдун убагындабы бул коргозгуч?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан