5-мартта философия илимдеринин доктору, белгилүү окумуштуу, коомдук ишмер Рахат Ачылова 74 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук университетинен билдиришти.
Рахат Ачылова 1941-жылы Баткен облусунда туулган. 1963-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. Ленинград мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктагандан кийин, 1966-жылы КМУда Социологиялык лабораториянын кафедра башчысы, Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунун ректору, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору, Кыргызстан айыл чарба институтунун кафедра башчысы болуп эмгектенген. Ал 15тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 3 монографиянын автору. Рахат Ачылова Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган. Анын илимий эмгектери негизинен үй-бүлөлөрдүн байыркы доордон азыркы күнгө чейинки өсүп-өнүгүүсүн, абалын, кыргыз мамлекетиндеги аялдардын коомдогу ролун, маданиятын изилдөөгө багытталган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Р.Ачылованын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.