“Өнүгүү-Прогресc” партиясы кыргыз өлкөсүнүн аймагында ачылган машина-трактордук станция техникаларын жазгы талаа иштерине мобилизация жасоону улантууда. Чүйдө жазгы талаа иштери башталганына карабай техника жетишсиз болуп жатат. Мындан улам Нарындагы техникалар Москва районунун жазгы айдап-себүү иштерине тартылууда.
Москва району боюнча “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын координатору Салтанат Мамбетова "жергиликтүү дыйкандар элге бир топ жеңилдиктерди алып келүүдө" деп билдирди. Анын айтымында, айдап-себүүдө коммерциялык баа төмөндөп, элге тандоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Жакында бул райондун тургундары да машина-трактордук станция ачуу суранычы менен партияга кайрылышкан. Москва районунун жашоочуларынын турмуш шартынан кабар алуу максатында “Өнүгүү-Прогресc” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев эл менен жолугушту. Алгач элге партиянын өлкөнү өнүктүрүү багыттары менен кеңири тааныштырды.