Путин өзү жөнүндөгү ушактарга Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу аркылуу чекит коюуну чечти

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Орусияга барды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, Атамбаев бүгүн, 16-мартта Санкт-Петербург шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушмакчы. Анда президенттер кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө тийиштүү маселелерди жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты талкуулашат.

Белгилей кетсек, акыркы бир аптада дүйнө коомчулугу Владимир Путиндин "дайынсыз жоголушун" кызуу талкуулады. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынан тарта дүйнөлүк беделдүү басылмаларга чейин Орусия лидеринин көзгө урунбай жатышын түрдүү форматта жарыялашты. Путиндин 12-13-март күндөрү Астанага болчу иш сапары токтотулгандан кийин маалымат булактары президенттин ден соолугу жайында эмес экенин жазып чыгышты. Ал тургай социалдык желеде Путиндин оор абалда экени маалымдалып, коомчулук "Чынбы же жалганбы?" деп кулак түрүүгө аргасыз болду.

Орусия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин ден соолугу жайында экенин, расмий эмес жолугушууларды өткөрүп жатканын кабарлады. 13-мартта Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынын бири мамлекет башчынын Жогорку Соттун төрагасы Вячеслав Лебедев менен жолугушкан учурун көрсөтүп, Кремлдин маалымат кызматы бул жолугушуу 8-мартта жана 11-мартта болгонун билдирди (Путиндин 8-мартта айымдарды куттуктаган учурдагы видеотасманы айрым ММКлар "алдын ала даярдалган" деп жарыялашты).

"Телефон аркылуу сүйлөштү", "жолугушууларды өткөрүп жатат" деген расмий билдирүүлөр болгону менен, Путинди коомчулук 10 күндөн бери "кенен" көрө элек. Песковдун билдиришинче, Атамбаев менен Путиндин 16-марттагы Санкт-Петербургдагы жолугушуусун журналисттер чагылдырышат. Айрым блоггерлер Кремль Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусуна катыштырууга журналисттерди аккредиттөөдөн өткөрүүнү токтотконун жарыялашты. Песков аккредиттөө чын эле токтотулганын, бирок каттоодон өтүүгө үлгүргөн журналисттер жолугушууну чагылдырарын ырастады.

Демек, Путин өзү тууралуу айтылып жаткан түрдүү божомолдорго Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуусу аркылуу чекит коймокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан