Ысык-Көл облусунун 39 жаштагы тургуну Нуранбек Супатаев беш жылдан бери жүрөктүн капкакчасынын жетишсиздигинен жабыркап келет. Акыркы жылдары жөнөкөй дарылануу ага жардам бербей, операция жасоо зарыл болчу. Бирок үй-бүлөнүн каражаты жок болгондуктан, өмүрдү сактап калуу коркунучта турган. Алардын кайрылып, жардам сурабаган жери да калган эмес. Үмүтү үзүлүп турган учурда үй-бүлөгө “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев барып жолуккан.
Жолугушуу учурунда жардам берүүгө убадасын берип, бейтапты Ысык-Көлдөн борборго дарылоого алып жөнөгөн. Себеби бейтаптын жашаган ар бир сааты анын өмүрүн кыскартып жаткан. Учурда Нуранбек мырзага тиешелүү операция ийгиликтүү жасалып, анын ден соолугу калыбына келип, ал кайрадан жакындарын сүйүнтүүдө.
Нуранбек Супатаевдин үй-бүлөсү башынан кечирген оор күндөрдө аларга жардамга келген Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевге терең ыраазычылыгын билдиришет.