Бишкектеги университеттердин бириндеги дааратканада “Спайс” заты жарнамаланып жатат. Мындай маалыматты окурман бүгүн, 6-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окурман өзү ушул окуу жайдын студенти экенин, сүрөттү дааратканадан тартып алганын маалымдады. Ал мындай көрүнүш башка окуу жайларда да болушу мүмкүн экенин кошумчалайт. Сүрөткө көз чаптыра турган болсок, ал жерде телефон номери жана сааттар да көрсөтүлгөн.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.