Жогорку Кеңештин депутаттары аймактардан келген унааларды Бишкек шаарына киргизбөөнү сунушташты

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңеште калктуу конуштардагы жер тилкелерин үнөмдүү пайдаланууга жана жергиликтүү бюджетти бекемдөөгө багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып жатат. Жыйында депутат Элмира Жумалиева Бишкек шаарында автоунаалардын саны көбөйүп кеткенин айтып, шаарга өлкөнүн аймактарынан келген унааларды киргизбөөнү сунуштап чыкты. 
"Көпчүлүк чоң шаарларда ушундай ыкманы колдонушат. Бизде да автоунаалардын саны көбөйүп кеткендиктен жол тыгындары пайда болуп, калаа тургундарына ыңгайсыздык жаратып жатат. Ошондуктан мен ушул сунушту киргизет элем",- деди Жумалиева. Сунушка Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов макул эместигин айтты. "Мындай кылсак, адамдардын эркин жүрүү укугу бузулуп калат. Мисалы, Токмок шаарынан келген автоунааларды киргизбей койсок, эртең биз Токмокко барганда өзүбүз жөө жүрүүгө туура келип калат",- деп билдирди Кулматов.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан