ЭЛДИК КАБАР: Балыкчы шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата "70 көчөт" акциясы өттү

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата 17-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында "70 көчөт" акциясы өттү. Бул тууралуу окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Акциянын алкагында "Толкун" пляждык сейил багынын аймагы тазаланып, 70 көчөт отургузулду. Акция окуучулардын катышуусунда "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун колдоосу менен уюштурулганы айтылды.
"Акцияда 100 футболка, 100 кепка, 300 мээлей, 300 таштанды чогултуучу баштык таратылды. Акциянын жыйынтыгы менен ар бир мектепке белектер тапшырылды. Иш-чарага шаар мэри Марат Турдубаев, Балыкчы шаарында жашаган согуштун ардагерлери катышты",- деп билдирет окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан