Икрамжан Илмиянов кызматтан кетүүгө арыз жазды (арыздын толук тексти)

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев анын ысымына келип түшкөн президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун отставка тууралуу өтүнүчүн карап жатат.

Илмияновдун отставкага кетүү себеби арызда айтылган. Арыздын толук тексти төмөндө:

“Кыргыз Республикасынын

Президенти А.Ш.Атамбаевге

КРнын Президентинин Аппаратынын

жетекчисинин биринчи орун басары

И.Илмияновдон

 

Арыз

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Соңку эки жыл ичинде сизге бир нече жолу ээлеген кызматымдан бошотуу тууралуу арызым менен кайрылууга мажбур болуп отурам.

Сиз мени Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары, андан соң биринчи орун басары кызматына дайындап, чоң ишеним көрсөтүп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, демократиянын жана мыйзамдуулуктун жолуна чыгарууга түздөн-түз салым кошууга мага мүмкүнчүлүк бердиңиз. Өз милдетимди жана жарандык парзымды абийирдүүлүк менен аткарып жатам. Бардык күчүмдү, энергиямды президентке жана коомго көмөктөшүүгө жумшап, коррупциядан алыс, күчтүү, эгемендүү мамлекет курууга жумшап келем.

Ошол эле учурда коомчулук арасында мени бир кылка кабыл албастыгын билем. Мүнөзүмө байланыштуу мен чындыкты бетке айтам, ошондуктан мага таарынган адамдар көп. Дал ошол адамдар ар кандай имиштерди таратып, андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып, коомдо талкууга алынат. Мамлекеттик жогорку кызматта отуруп журналисттерди сотко бергим келген эмес, актанып, гезиттерде пиар жасаганды туура көргөн жокмун. Буга чейин жакшы эле чыдадым, бирок барган сайын жалган каралоого чыдаш улам кыйындап баратат, ошондуктан кызматтан бошотуу тууралуу арыз менен кайрылууга туура келип жатат.

Коомчулук чындыкты билүүгө тийиш. Сиздин жеке тапшырмаңыз менен менин дарегиме айтылган айыптоолор Башкы прокуратура тарабынан тыкыр текшерилгенине мен кубанычтуумун. Ар кандай имиштерге, күбүр-шыбырга, “алдын ала объективдүү эмес” деген текшерүүлөргө негиз бербөө максатында мен мамлекеттик кызматтан кетүүнү туура деп эсептейм.

Ушуга байланыштуу, урматтуу Алмазбек Шаршенович, мени Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан өз ыктыярым менен бошотуп коюуңузду өтүнөм.

Урматтоо менен

Кыргыз Республикасынын

Президентинин Аппаратынын

жетекчисинин биринчи орун басары И.С.Илмиянов”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан