Алмазбек Атамбаев Москвада Георгий тасмасынын ордуна мамлекеттик тууга түспөлдөш кызыл-сары тасма тагынып жүрөт

Кечээ, 7-майда Орусиянын Москва облусундагы Волоколамск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун бюсту ачылды. Салтанаттуу бул иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев Георгий тасмасынын ордуна мамлекеттик тууга түспөлдөш болгон кызыл-сары тасманы тагынып келди. 

Бул тасма коомчулук тарабынан сунушталып, мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жетектеген комиссия тасманын эскизин иштеп чыккан. Анын кызыл түсү эркиндикти, каармандыкты жана жеңишти, сары түсү тынчтыкты жана бейпилдикти билдирет. Жалпысынан мамлекеттик туунун түстөрү колдонулган.

Ал эми Георгий тасмасынан Беларусь мамлекети да баш тарткан болчу. Мамлекет башчысы Александр Лукашенко 7-майда Москвага Георгий тасмасына Беларусь желегине түспөлдөш тасманы тиркеп, анын үстүнөн чакан гүл менен жасалгаланган тасманы тагынып келди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан