16-февралда УКМКнын кызматкерлери тарабынан эл аралык террордук иштерге жардам берип жүргөн 1977-жылы төрөлгөн Ош облусунун тургуну С.А. аттуу жаран кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, С.А. эл аралык террорчу согушчандардын жана катардагы адамдардын аты-жөнүн өзгөртүү жолу менен жалган документ жасап берип турган. Бул аракет боюнча УКМКнын тергөө кызматы тарабынан ага кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды. Кылмышка шектүү жаран УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.