Жылнаама, 14-май: Мындан 31 жыл мурун дүйнөдөгү эң ири социалдык тармак болгон "Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг туулган

* Мындан 73 жыл мурун, 1942-жылы кинорежиссёр, сценарист, Кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1974), КРнын Эл артисти (1991) Геннадий Базаров Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган. Ал 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Эмгек жолун 1959-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. 1967-жылы "Саманчынын жолу" (сценарийин жазгандар: Ч.Айтматов, Б.Добродеев, И.Галанкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. "Буктурма" (1966, X.Булатов, Дегальцев, А.Шаршенова), "Көчө" (1973, М.Гапаров), "Биринчи" (1984, Г.Базаров, Л.Дядюченко), "Көз кареги" (1975, Л.Дядюченко), "Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай" (1986), "Айың" (1989), "Аномалия" (1991) сыяктуу көркөм фильмдерди жана "Антракт" (1994), "Түндө" (1995) деген кыска метраждуу новеллаларды, даректүү фильмдерден "Искусство жөнүндө баян" (1974), "Жазуучу" (1980), "Чыңгыз Айтматов" (1980) жана башкаларды тарткан.
 
* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы ырчы Юлия Руцкая Белоруссиянын Витебск шаарында төрөлүп, 5 жашынан тартып Бишкекте өскөн. Борбордук Азиядагы Америка университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Ырчынын репертуарындагы ырлары: "Жамгыр төктү", "Кызыл гүл", "Аппак сүйүү" жана башкалар.
 
* Мындан 137 жыл мурун, 1878-жылы Америкага жер которгон англиялык Роберт Чезбро вазелинди ойлоп тапкан. Роберт Чезбро адегенде мунай иштетүүдөн пайда болгон парафин түстүү нерсеге көңүл бурган. Мунай өндүрүүчүлөр да ага парафин түстүү нерсе жараны айыктыра тургандыгын айтышкан. Роберт Чезбро ага керектүү компоненттерди кошуп дары жасап, аны “Мунай желеси” деп атаган. Анткен менен "Тез күйүүчү мунай" аталышы кардарлардын санын арттырган эмес. Роберт Чезбро көпкө ойлонбостон дарыны “вазелин” деп атаган. "Вазелин" аталышы немец тилинен "вассер" - "суу" жана грекче "елайон" - "зайтун майы" деген сөздөрдөн куралган.
* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы дүйнө жүзүндөгү эң ири социалдык тармак болгон "Фейсбуктун" негиздөөчү, жетекчиси, программист Марк Цукерберг АКШнын Уайт Плейнз шаарында туулган. Марк Цукерберг "Forbes" журналындагы "Эң бай 400 адам" рейтингиндеги эң жаш байлардын бири. Ал 24 жашында эле 1,5 миллион АКШ доллар иштеп тапкан. 2004-жылы "Фейсбук" социалдык түйүнүн ойлоп тапкан. Алгач Гарварддын студенттери үчүн ачылган бул сайт бара-бара "MySpasе`тeн" кийинки эле орунга чыккан. "Фейсбук" сайты 15 миллиард доллар деп бааланса, компаниянын 27% акциясына ээлик кылган Марктын байлыгы 4 миллиард долларды түзгөн. Ал эми 2013-жылы кайра эле "Forbes" журналы изилдөө жүргүзүп, 19 миллиард АКШ доллары менен Марк Цукерберг алдынкы 20 бай адамдын катарына кирген.
14-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altynka95
2015-05-13 21:36:46
Юля Руцкаяны 87 болсо керек деп ойлодум еле абдан жаш корунот екен
0
nurik2103
2015-05-13 21:41:09
Жетимдин башы иштейт екен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан