14-май күнү саат 18:00 чамасында Талас облусунда катуу ылдамдыктагы шамал катталып (күчү такталууда), 13 турак жайдын чатырын учуруп кетти. ӨКМнын маалымат кызматынын билдиришинче, Манас районундагы Чеч-Дөбө айылындагы 10 турак жайдын чатырын, Бакай-Ата районунун Жон-Коргон айылындагы 1 турак жайдын 7 даана темир тунукесин, Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы 2 турак жайдын 16 даана шиферин жана темир тунукесин учурган. Окуя болгон жерде Жарандык коргонуу комиссиясы изилдөө иштерин жүргүзүүдө.