29-май күнү
кечинде Бишкектин Чүй жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде селсаякты унаасы менен тепселетип кеткен "Тазалык" ишканасынын жумушчусу абактан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын тараткан билдирүүсүндө айтылат. Мэрия айдоочу кырсык учурунда соо абалда болгонун билдирүүдө. Учурда факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Айта кетсек, каза болгон жаран жогоруда аталган көчөлөрдүн кесилишинде турган таштанды челегинин жанында үстүнө коробканы жаап уктап калган. Бул учурда таштанды жыйноого келген "Тазалык" ишканасынын жумушчусу унаасы менен
аны тепселеп кеткен. Ал ошол жерден каза болгон.