super.kg logo
«Жылдын супер актрисасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


"ЭЛДИК КАБАРдын" экинчи смартфонун Оштогу үй кожойкеси Сабира утуп алды

 
"ЭЛДИК КАБАРдан" экинчи смартфонду утуп алган Ош облусунун тургуну Сабира
Белек ээси борбордон алыста болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги тууганы Алтынбек Алымкулов кеңсебизге келип алып кетти.
Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү 29-майда ушинтип майрамдашкан.
Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү 29-майда ушинтип майрамдашкан.
Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү 29-майда ушинтип майрамдашкан.
Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү 29-майда ушинтип майрамдашкан.
Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү 29-майда ушинтип майрамдашкан.
5 эле мүнөттүк убакыт... Оштогу үй кожойкелеринин бири Сабира Казамбекова SUPER.KG порталына атайын убактысын бөлүүнүн артынан заманбап смартфон (LG G Pro Lite D686 Dual) утуп алды. Кантип десеңиз, сыры жөпжөнөкөй. Эсиңизде болсо, Билим берүү жана илим министрлиги май айында атайын буйрук чыгарып, быйыл бүтүрүү кечелеринде мектеп окуучуларынын шаан-шөкөт уюштуруусуна тыюу салган. Министр Эльвира Сариева"Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда кырсыктардын саны көбөйүп кетти, ошондуктан шаан-шөкөт уюштурууга тыюу салдык. Былтыр бир күн ичинде бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда 20дан ашуун жол кырсыгы орун алган",- деп билдирген
Жеңүүчү деп табылган Сабира Казамбекова 29-май - Акыркы коңгуроо күнү дал ушул буйрукка баш ийбеген окуучулардын туура эмес жоругун - автоунаалар менен көчөдө жарыша куушканын жарыялаган. Ээн баштыкка барган окуучулар катуу ылдамдыкта бараткан унаалардын үстүнө чейин чыгып алышканын билдирип тынчсызданган. Бир сөз менен айтканда, мыйзам иштебей жатканын далилдеген кабар жиберди. Буйрук баарына бирдей, ал өлкөнүн бардык аймактарында тегиз аткарылууга тийиш болчу. Бирок талапка баш ийбей, өз билемдикке барышкан мектеп окуучуларынын жоругун, өкмөт чыгарган буйруктун аткарылбай калганын далил менен көрсөтүп кабар жиберген Сабира Казамбекованы SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши май айынын жеңүүчүсү деп тапты. 
Окуучулардын мындай жоругу көз жаздымда калган жок. ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын өкүлү Жеңиш Ашырбаевдин билдиришинче, Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин окуучулары 9 автоунаа менен шаар кыдырууга аракет кылышкан. 
“Окуучулардын баары шаарга жакын жерден кармалып, унаалары айып аянтчасына токтотулду. Мектеп окуучуларына эскертүү берилип, коё берилген. Мектеп жамаатына да эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”,- деди Ашырбаев. 
Жеңүүчү биз менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө кубанычын жашырган жок. 
- Саламатсызбы, Сабира! Утушуңуз кут болсун! 
- Саламатчылык, рахмат! Мени абдан сүйүнттүңөр... 
- Окуучулардын көчөдө унаалар менен жарышканын көргөндө оюңузга эмнелер келди?
- Биринчиден, өкмөт тыюу салганына карабай мектеп окуучуларынын машиналар менен катуу ылдамдыкта жүрүшкөнү болду. "Быйыл шаан-шөкөткө тыюу салынды" деп телевизордон бир айдан берип жарыялап жатышпады беле. Анан эмне үчүн булар талапка баш ийишпейт деп ойлодум. Экинчиден, маанилүү кабарды силерге жиберүүнү туура көрдүм, бирок жеңүүчү болом деп ойлогон эмесмин. Мурунку айда смартфон уткан сузактык жеңүүчү тууралуу да окуган болчумун. 
- "Элдик кабарга" жөнөтүүнү өзүңүз ойлодуңузбу же бирөө сунуштадыбы?
- Өзүм эле ойлодум. SUPER.KG порталына дайыма кирем, силердеги бардык нерседен кабардармын. 29-майда дүкөндө соода кылып отурсам окуучулар автоунаалары менен көчөдөн куушуп өтүп калышты. Мурун "Элдик кабарга" сүрөтү жок бир-эки кабар жөнөтсөм, "далил үчүн сүрөт же видео керек" деп чыкпай калган эле. Бул жолу дароо сүрөткө тартып жиберген элем, минтип жеңүүчү болуп отурам.   
- Смартфон утуп алганыңызды үйдөгүлөргө кантип сүйүнчүлөдүңүз?
- Балдарым жаш, улуусу 3-класста окуйт. Жолдошум жумушта болчу, ага телефон чалып сүйүнчүлөдүм. Кубанычымды бөлүштү. 
- Утуп алган смартфонду өзүңүз колдоносузбу же жакындарыңыздын бирине белек кыласызбы?
- Алебетте, силерден алган эстелик буюм катары өзүм колдоном.  
- Рахмат, утушуңуз узакка кызмат кылсын. 
- Сиздерге да чоң рахмат.
Эсиңизде болсо, быйылкы жазда SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманга редакция ай сайын заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бузулганы калган көпүрөнүн өмүргө коркунуч жаратып жатканы, жол чырактардын иштебей калышынан кырсыктардын болгону, мыйзамсыздык, тротуарга токтотулган автоунаалар, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.
Белек ээси борбордон алыста болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги тууганы Алтынбек Алымкулов кеңсебизге келип алып кетти. Мурунку айда Сузак районунан Чынберди Жанышов (төмөнкү сүрөттө) аттуу 10-класстын окуучусу жеңүүчү болгон
Урматтуу окурман, кызыктуу маалымат жөнөтүп заманбап смартфон утуп алуу мүмкүнчүлүгү сизде да бар. Ай сайын бирден жеңүүчү аныкталат. Мыктынын мыктысы деп табылган элдик кабардын ээсин ушундай жагымдуу белек күтөрүн эске ала жүрүңүз.  


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(27)
05.06.2015. 18:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
390
Катталган:
05-10-2014
Соӊку аракети:
13-11-2019 14:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+3
жакшы кут болсун.
05.06.2015. 18:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
27-02-2015
Соӊку аракети:
30-08-2019 12:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Кут болсун!
05.06.2015. 18:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
23-10-2012
Соӊку аракети:
15-07-2015 16:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+2
Кут болсун!!!
05.06.2015. 19:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
05-06-2010
Соӊку аракети:
05-10-2019 18:40
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кут болсун!!!!
Тигилер машинанын ичинде кете берсе болбойт бекен аа
05.06.2015. 19:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
267
Катталган:
08-04-2015
Соӊку аракети:
08-03-2016 13:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Кыргызстанда болбой калыпмын болбосо мен дагын элдик кабарга кабарларды жонотуп турат элем.Супер инфонун элдик кабары атту проекти мага аябай жакты.
05.06.2015. 22:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
20-02-2013
Соӊку аракети:
31-12-2018 01:28
Жынысы:
Белгисиз
+3
KGstan81,ччет жактан деле жонотсон болот болуш керек менимче. Мен да утуп алгым келеееееет.
05.06.2015. 21:46 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
367
Катталган:
07-08-2014
Соӊку аракети:
18-09-2015 15:27
Жынысы:
Белгисиз
+17
Екатеринбург шаарында кочого апасы кууп жиберип милиция кызматкерлери больницага алпарып койгон 5 жаштагы баланы таап тартып жиберген бала смартфонго татыктуу болчу, себеби ошол кабар аркылуу бутун Кыргыз эли дуу болуп туугандары Ата-Энеси табылдыго.
05.06.2015. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
173
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
13-11-2019 09:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия Иркутск ♥♥Озгон♥♥
+1
Bors, ошол кичинекей баланын ата энесин табыштыбы кабарыныздар жокбу?
06.06.2015. 01:11 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
367
Катталган:
07-08-2014
Соӊку аракети:
18-09-2015 15:27
Жынысы:
Белгисиз
0
mirana9395, Ооба Ата энеси табылып Ата энесине берген ал баланы.
06.06.2015. 09:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
173
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
13-11-2019 09:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия Иркутск ♥♥Озгон♥♥
0
Bors, аа жакшы табылып калыптыр
05.06.2015. 23:20 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
04-06-2014
Соӊку аракети:
07-09-2016 04:06
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bors, менда ойлоп жаттым эле ошол бала алса керек деп. Мейли насип буйругандыкы да. Смартфон кут болсун деп коёлу андан коро ал бала кийинкисинде илешип калаттыр.
05.06.2015. 22:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
11-03-2011
Соӊку аракети:
01-10-2019 17:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Улуу кыргыз журту
0
ХХХ ХХХ ХХХ жакында
Модератор admin_portal түзөттү 2015-06-08 15:28:22
08.06.2015. 15:28 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8468
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
14-11-2019 01:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Shah - 10 күнгө БАН!
Мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
09.06.2015. 14:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
28-05-2015
Соӊку аракети:
13-11-2019 16:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
admin_portal, салам алейкум адимин сизге суроо берсем болобу
09.06.2015. 14:57 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7595
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
13-11-2019 16:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Aman97kg,
Саламатсызбы! Аdmin_portalга купуя кат менен кайрылсаңыз болот.
06.06.2015. 01:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
327
Катталган:
03-04-2015
Соӊку аракети:
10-08-2017 22:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогулe
+2
Жеңүүчү эжени куттуктайм!!!!
Окуучулардын мындай жоругу көз жаздымда калган жок. ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын өкүлү Жеңиш Ашырбаевдин билдиришинче, Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин окуучулары 9 автоунаа менен шаар кыдырууга аракет кылышкан.
ИИМ иңер калп эле маалымат берип койгон турбайбы, тиги сүрөттөгү балдар таанышым болот эч кандай милициялар келген жо
A3A түзөттү 06.06.2015 01:43
06.06.2015. 09:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
361
Катталган:
17-07-2014
Соӊку аракети:
13-11-2019 18:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
Утук кут болсун Эми айылдаш балдарды ушактап жаман корунуптурда.
06.06.2015. 15:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
327
Катталган:
03-04-2015
Соӊку аракети:
10-08-2017 22:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогулe
+1
Lintel, Үтүк эмес телефон) )))))))
06.06.2015. 17:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
793
Катталган:
12-08-2013
Соӊку аракети:
03-05-2018 12:09
Жынысы:
Белгисиз
+4
A3A,утукка алган ,утуп алууну айтып жатат.
06.06.2015. 19:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
133
Катталган:
15-05-2015
Соӊку аракети:
15-02-2017 21:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Dadasdasd, утук деп коёсуңарбы?
06.06.2015. 11:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
12-05-2015
Соӊку аракети:
18-10-2016 19:39
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун го чыгып алган)но биз чыккан жокпуз колдо катуу карашты бизди
06.06.2015. 12:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
05-02-2015
Соӊку аракети:
20-09-2019 08:06
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кут болсун дейли, бирок Кочкордо туулган мутант козу аябай коп талкуу жаратып,кароолор боюнча да алдыда турбады беле?..
06.06.2015. 15:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
29-11-2013
Соӊку аракети:
07-06-2018 04:38
Жынысы:
Белгисиз
-4
nelya88.кечиресиз коп талкууга алынган эмес , бул кабар балдардын келечегине байланыштуу болуп жатпайбы, кудай сактасын бир кырсыка кабылса балдардын келечегин эмне болот.А тиги бир мутант козу болсо....
Mariyana түзөттү 06.06.2015 15:59
06.06.2015. 20:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
26-09-2019 14:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
0
Жениш ээсин куттуктайм!
07.06.2015. 00:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
12-05-2015
Соӊку аракети:
28-09-2015 12:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми тиги балдар смартфонунуздун бачагын чыгарып талкалабасале болгону))))
08.06.2015. 15:27 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8468
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
14-11-2019 01:17
Жынысы:
Белгисиз
0
dollar91 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
18.06.2015. 15:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
18-03-2012
Соӊку аракети:
03-01-2019 22:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Утук дебей еле пилита деп кой ха ха ха
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133619;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: