Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №1, №10, №30, №35 жана №69-бала бакчаларынын короосунда жайгашкан оюн аянтчаларынын боз дубалдары кооз сүрөттөр менен жанданып, жомок жана мультфильмдердин каармандарынын сүрөттөрү балдардын тандоосу менен тартылып, бакчанын көркөмдүүлүгү артууда.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, бул “Креативдүү бала бакча” аттуу долбоору аркылуу ишке ашырылып, ага дасыккан сүрөтчүлөр жана жаш волонтёрлор тартылууда. Алар дубал беттерин кооздоп сүрөт тартуудан сырткары желим бөтөлкөлөрдөн түрдүү жасалгаларды жасап жайгаштырууда.