super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Жер-Үйдү" дагы "Кумтөр" сыяктуу күрөшсүз кармата берсек, бул биз үчүн кечиримсиз!"

 

"Ата Мекен" партиясынын Талас облустук уюмунун партиялык конференциясы аяктады. Аталган жыйынга партиянын жана Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, вице-спикер Асия Сасыкбаева, депутаттар Болот Шер, Бактыбек Калмаматов, экс-юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, Талас облусунун экс-губернатору Койсун Курманалиева, партиянын Бишкек шаардык бөлүмүнүн төрагасы Камалдин Токтосартов катышты.

Талас шаарындагы стадионго жык толгон таластыктар четинен сөз алып, партиялык түзүлүш, социалдык-экономикалык маселелерге кеңири токтолушту. Элдин жашоо-тиричилигин "Ата Мекен" социалисттик партиясы сыяктуу күчтүү партиялардын жардамы менен чечүү жактарын келген коноктор менен кеңири талкуулашты. Аймактагы "Жер-Үй" кенин иштетүүдө адамдарга, жандуу жаратылышка зыян алып келүүчү цианидди эмес, жүгөрүнүн ширесин иштетүүнү депутат Болот Шер баш болгон таластыктар сунуш кылышты.

Өмүрбек Текебаев "Кумтөр" кенин иштетип жаткан канадалык "Центерра" компаниясы кыргыз өкмөтүн кол жоолуктай алмаштырганын, эки парламентти кетиргенин айтып мындай деди: "Кыргыз премьерлеринен биринчи болуп "Аткинсонду ("Центерранын" президенти) алмаштырамын" деген Жоомарт Оторбаевди да Аткинсондор алып түшкөнгө жетишти. Мына эми жаңы бекиген өкмөт кайрадан алардын кол жоолугуна айланып бараткандай. Аткинсон сыяктуулар "Биз алтынды жер алдынан казбайбыз, кымбатка түшөт экен. Бизге мөңгүлөрдү талкалап иштөөгө шарттарды түзө турган мыйзам кабыл алып бергиле" деп өкмөткө, парламентке тиш кайрап отурат. 

Биздин партиянын туусун карагыла, анда ак мөңгүлүү Ала-Тообуз шаңкайып турат. Мөңгүлөрдү коргоо - ыйык милдетибиз, анткени мөңгү - кол тийгис байлык. 

Эми "Жер-Үйдү" иштетүүчүлөр пайда болушту. Булар да мыйзамдарды өзгөртүүгө аракет кылып, "болбосо парламентти таратабыз" деп чыгышат. "Жер-Үйдү" дагы "Кумтөр" сыяктуу күрөшсүз кармата берсек, ал биз үчүн кечиримсиз, анткени "Ата Мекен" - күрөштүн, жеңиштердин жана келечектин партиясы. 

"Кумтөр" ушул күнгө чейин массалык маалымат каражаттарын сатып алып, "Ата Мекен" партиясын элге жаман көрсөтүү максатында жазылган маалыматтарды таратып келет. Компания бул аракеттери менен биздин коомду жикке бөлүүдө. Ошондуктан биз баарыбыз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бирдиктүү, ынтымактуу болгонубузда гана ийгилик ачкычы колубузда болот. 

Биздин Щвейцарияда алтындарыбыз жок. Биздин байлыгыбыз ак мөңгүлүү тоолорубуздун астында катылып жатат. Биз ал байлыктарыбызды, алтындарыбызды келечек муундарга калтырышыбыз керек. Келечек биздин колубузда!" 

"Ата Мекен" партиясынын Талас облустук партиялык конференциясы аягына чыгып, Талас эли өз уулдары Садык Шер-Нияз, Дуулат Турдуналиев, Рина Шүкүралиева, Сагынбек Жаманкулов, Улан Ниязбеков, Бектур Базакечев, Мухтарбек Айткуловду "Ата Мекен" партиясынын атынан күздө өтүүчү парламенттик шайлоого аттантуу чечимине келди.

 


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
17.06.2015. 02:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
29-01-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 01:52
Жынысы:
Белгисиз
+3
Омурбек текабаевди президент кылышыбыз керек чырдыкты айтат бул кишинин эмгеги коп мурда эч маани бербейт эле азыр сыйлап баалап калдым
17.06.2015. 14:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
17-03-2014
Соӊку аракети:
18-08-2015 02:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Tekebaev tuura aityp jatat, men koldoim!
17.06.2015. 20:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
22-04-2016 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтүү Көк-Арт өрөөнү.
0
Текебаев туура айтат, кылымдардан бери козголбой келген табийгый байлыгыбыз "Ак монгулорубузду" жок кылганга эч качан жол бербешибиз керек.
18.06.2015. 17:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
21-04-2015
Соӊку аракети:
29-09-2016 18:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот Шер Таласта абдан жакшы маселе которуптур. Ата Мекен партиясынынын лидерлеринин баары эле ушундай демилгечил. Илгери кыргыздар темир иштеткен, алтында цианидсиз эле болуп алганда да, ошондуктан алтын албасак, албадык, эн башкысы элибиз, жерибиз жана жаратылышыбыз кийинки муундарга мурас катары аман жетсин. "Цианидсиз Кыргызстан!" демилгесин колдойбуз.
21.06.2015. 21:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
01-09-2014
Соӊку аракети:
02-11-2018 13:22
Жынысы:
Белгисиз
0
BiTiSHKa,демлгечил болгондору менен биз учун эмне кылышты? цианидди колдонбосо кантип алтынды табышат? силердин ата-энелерине пенсияны, озунордун айлыктарынарды кайдан толоп беришет?
22.06.2015. 10:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
21-04-2015
Соӊку аракети:
29-09-2016 18:01
Жынысы:
Белгисиз
0
marik10,алтынды зыянсыз технолгия менен алуунун жолдору бар, кеп ошол жонундо болуп жатат. Ач коздор дароо эле алтынды ала калып, маарып жатып калууну ойлоп жатышат. Илгери биздин ата бабалар кадимки жугорунун щиресин пайдалангандыгын айтып журушот.
22.06.2015. 10:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
21-04-2015
Соӊку аракети:
29-09-2016 18:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Зыянсыз жолдору, технолгиясы бар экен, ошону колднсок деп жатышат да, ачкоздор дароо, бат алгандарды каалагандар цманидке яуркап жатышат. Ошол туурасында болуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117460;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: