Кыргыз футболчулары Австралия командасына 2:1 эсебинде утулушту. Кыргыз курамасы көк майсаңда көптөгөн кооптуу абалдарды жаратып, күйөрмандарды дуу түшүргөнү менен, оюндун акыркы мүнөттөрүндө гана эсеп ачууга жетишишти.
Белгилей кетчү жагдай, беттешке чейин айрым футбол күйөрмандары "Австралия командасы кыргыз футболчуларын ири эсепте утат" деген божомол айтышкан. Бирок Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу оюн кыргыз футболчуларында келечек бар экенин далилдегендей болду.
Кыргыз тарапка упай алып келген жалгыз голду "Дордой" футболдук клубунун оюнчусу
Алмаз Мирзалиев киргизди. Жеңилүү күйөрмандарды капа кылган жок, оюн жыйынтыкталгандан кийин миңдеген адам кыргыз оюнчуларын колдоого алышып, аба жаңырта "Молодцы!" деп бир саамга кыйкырып турушту.