ЭЛДИК КАБАР: "Кыргыз курама командасынын оюнчулары эмне үчүн беттеште Орусиянын желегине түспөлдөш форма кийип алышты?" дейт окурман

Кыргыз Республикасы менен Австралиянын футбол командаларынын Бишкектеги беттешине күбө болгон окурман 17-июнда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кайрылып, өз пикирин билдирди. 
ыргыз курама командасынын оюнчулары Австралиянын футболчулары менен болгон беттеште эмне үчүн Орусиянын желегине түспөлдөш форма кийип чыгышты? Дал ошол Орусиянын желегинде берилген (ак, көк, кызыл) түстөр биздин оюнчулардын формасында да бар экен. Кыргыз мамлекетинин желегине кызыл түсү гана түспөлдөш болбосо, башка окшоштукту таба алган жокмун. Оюнчуларга караганда көрүүчүлөрдүн желектин сүрөтү бар футболка кийип отурушканы мени кубантты",- дейт окурман.   

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
jaliwood_93
2015-06-17 17:18:00
Эми ошол самсунгту утам деп эле окшосо окшобосо деле жаза берет экен да.
+6
elli_88
2015-06-17 17:20:17
Окшошпой эле кыпкызыл болуп туратго 90 пайызы
+1
sirgak_92
2015-06-17 17:25:13
Мага жаккан жок формасы кытай менен ойногондогу анан Азербайджан менен ойногон форма жаккан
0
KUMTOR1
2015-06-17 17:32:25
Кыргызстан командасынын оюнчулары четинен эле башка улуттагы оюнчуларго э?
0
Aksy-13
2015-06-17 17:41:21
ой тообо эли журт озу эч бир тынч турбайт экенбизда ар нерсеге ыйкы тыйкы болуп эле бир нерсесин чукуп чыкмайга жаман устабызда эми жон эле отура бербейсинерби кийиминин негизги болугу биздин желектей болуп эле туратго оздоруно жарашыктуу болуп.
0
Bors
2015-06-17 17:44:23
Эмне учун биздин фудболчулар ток кызыл фудболка кийишти биздин желек ач кызылго. Эмне учун ойноп атып тердешет эмнеге суу ичип атышты улам улам.)))
+1
Tendik.92
2015-06-17 18:05:35
Bors, ха ха болду ушу жери
0
Lili
2015-06-17 17:51:07
Россиянын желегине окшоштурнан жокмун, фантазиян укмуш иштеп кеткен го, оюнда чукуп олтурбай, жакшы поддержка берип олтурбайсынбы...
Ушундай майдачыл адамдарды не кылса болот?!
+2
BAYAW-KG
2015-06-17 18:22:12
ушу формага да шугур э достор... негизинен кызыл тусту чагылдыратго.
0
aikol87
2015-06-17 18:24:15
Графигин жазып койгулачы дагы кайсы команда менен ойнойт жана канча упай топтошту.Фудболчуларга келсек азаматтар кечеки оюнду коруп умут пайда болду.жакшы оюн коргозушту.Темага келсек формалары жапжакшынакай эле.
0
admin_portal
2015-06-18 11:27:08
aikol87, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтемелер аркылуу өтүп, маалымат ала аласыз:
http://www.super.kg/kabar/news/116055/
http://www.super.kg/kabar/news/108815/
0
Bekzamann
2015-06-17 19:13:07
Ушу бир нервди кетирип ар нерсени жазып жибере бересинерби? Причем бул жерде Россия.? Кааласа кырмызы тусто кийишет аны сен эмес тийиштуу адамдар чечет.. Отуруп алып эле Толубай болбостон.. РФ туусундагы кок менен биздин оюнчулардын футболкасындагы кок тустун айырмасы асман м.н жердей..!
+1
Mirko95
2015-06-18 03:22:57
Кызыл түс-КРнын Туусу
Көк түс-Асман,Ысык-Көл,Герб
Ак түс-Ак шумкар
+1
Bayjigit83
2015-06-18 12:54:57
Эриккен кыз энесинин мурдун чукуйт,деген ушулда.
0
amantur123
2015-06-18 14:19:10
жок туугандар бул окурман деле жакшы ой менен эле жазса керек эми озунун ойун билдириптир болгону. жообунар болсо жон эле жазып койгула нервтенбей эле. мени дагы талап кетпегиле анан мен деле озумун ойуму эле жазып койдум.
0
Lenin
2015-06-22 20:39:17
Азыр такыр эсимде жок кайсы олко экенин, бирок окуя мындай болгон. Чон беттештен кийин эки команда футболкалары менен алмашышат. Ошондой оюндан кийин кайсы бир олко футболкасын чечип бербей койгон. Анткени запасной футболкалары жок экен.
Бул жагынан дагы карап коргуло туугандар, ким билет оздору сатып алган чыгаар. Же болбосо ???
Башка футболкалары жок чыгаар!!!
0
Lenin
2015-06-22 20:40:38
Аттарынын жазылбашы дагы ушул себептен болушу мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан