11-14-июнь аралыгында Испанияда көркөм гимнастика боюнча Эл аралык "Vitry Cup+Junior" мелдеши болуп өттү. Ага Орусия, Украина, Түркия, Эстония, Кипр, Испания, Словения, Беларусь жана Кыргыз Республикасы сыяктуу мамлекеттер катышты.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке кыргыз желеги астында 5 жаштан 10 жашка чейинки курактагы 7 спортчу катышты. Жыйынтыгында алар 17 медалга жетишти (9 алтын, 4 күмүш, 4 коло).
Сыйлоо аземинде медалдарды спортчулардын моюнуна көркөм гимнастика боюнча алгачкы Олимпиада чемпиону Лори Фанг Мефорст такты.