super.kg logo

Туратбек Мадылбеков: "Ата Мекен" фракциясы Суу кодексине толуктоо киргизүүгө каршы добуш берет"

 

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. 

Анда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков: "Биз, "Ата Мекен" фракциясы, бүгүнкү каралып жаткан Суу кодексине толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзамга каршы добуш беребиз. Зарыл болсо, биз элди аралап бул мыйзамдын маани-маңызын түшүндүрөбүз. 

Урматтуу кесиптештер, баарыңыздарды каршы добуш берүүгө чакырабыз. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мамлекеттик деңгээлдеги документтерди алып келгендин ордуна, кайдагы бир кагазды көтөрүп келип, ушул жерде отурган 120 депутаттын башын айландырууда",- деди.

Буга чейин аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев, фракциянын жаш депутаты Жоомарт Сапарбаев 2 күн катары менен “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна байланышкан маселелердин айланасында атайын маалымат жыйындарын өткөрүп, мыйзамдын маңызын журналисттерге түшүндүрүп беришкен.   


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.06.2015. 17:45 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
472
Катталган:
24-02-2015
Соӊку аракети:
16-08-2018 11:09
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калган жеп жутарлар "Ата мекен" фракциясынын депутаттарын колдогула Тайырбек Сарпашев колунан К келбесе арызын жазып кетсин жалдырап сентеранын талабын талашпай
Bektur2 түзөттү 2015-06-25 17:47:08
26.06.2015. 10:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
611
Катталган:
08-06-2011
Соӊку аракети:
31-01-2016 12:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
0
Бул документти алып чыккан окмоттун кылган иши туура эмес болуп жатат.Ой монгуну кантип кочурсун?Бул окмот келечекти ойлобогон окмот го?Бул монгулор алтындан да кымбат экенин булар тушунушпойбу?
26.06.2015. 16:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
286
Катталган:
18-07-2013
Соӊку аракети:
11-09-2017 11:35
Жынысы:
Белгисиз
0
zman53, Бул жепжутарларда ой жугуртуу бар деп ойлойсунарбы. Бул окумот Кыргызстанды кочуробуз Африкага десе да колдоп берет бир добуштан кочурсо болот экен Африкага барсак да биз депутат бойдон калабыз деп ойлоп.
26.06.2015. 14:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
22-04-2016 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтүү Көк-Арт өрөөнү.
+2
"Ата-Мекен" партиясы элдик партия.
26.06.2015. 15:40 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
27-07-2017 13:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Атбашы
0
журналисттерге берилген тушундурмо каяктан корсок болот?
Токтогул суу сактагычы боюнча суроо которулобу деги же куураганда чечилеби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117840;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: