Ысык-Көл. Жети-Өгүз токой чарбасынын жумушчусу пара менен кармалды
УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан Жети-Өгүз токой чарбасынын жумушчусу А.Жайыкбаев 3 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган адам Кыргызстандын жаранынан
токойду
мыйзамсыз кыйганы үчүн жаралган маселелерди чечип берем деп акча сураган. Учурда Кылмыш жана жаза кодексинин 225-беренеси (мыйзамсыз түрдө кызматкерден акы алгандыгы үчүн) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.