Ырчы Айгерим Расул кызынын “Кайрылбайм” аттуу ырынын клиби жарык көрдү. Клипте ырчы өзү жана Кайнар аттуу жигит башкы ролду ойноп, “Береке” бийчилер тобу коштоп турган. Ырдын сөзү Атантай Акбаровго, обону Нуралы Атамкулов менен Ислам Сатаровго таандык. Клипти Эламан Акбаев аттуу режиссёр тартты.