super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Өзбекстан менен Казакстандын президенттери бийликти парламент жана өкмөткө өткөрүп берүү керектигин айта башташты"

 

Бүгүн, 7-июлда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат жыйынын өткөрүп, фракция 5 жылда аткарган иштерге, жазылган мыйзамдарга жана парламентаризмдин биздин коомдогу ордуна кеңири токтолду.

Фракция 5 жыл ичинде 171 жолу жыйын өткөрүп, парламентке 324 мыйзам долбоорун киргизсе, анын 132си кабыл алынган. 30 миңден ашык жарандын каттарына жооп берилген. 40 миңден ашык адам коомдук кабылдама аркылуу кабыл алынган. 

"Бүтүндөй Европа өлкөлөрү Кыргыз Республикасын парламентаризм өнүгүп бара жаткан өлкө катары сыйлашарын билдиришти. Жакында эле БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун келип, Кыргыз Республикасында жакшы демократиялык өзгөрүүлөр жүрүп жатканын, туура жолду тандап алганыбызды белгилеп, ийгилик каалап кетти. Өзбекстан жогору жактан демилге көтөрүп, парламенттик системге өтүп жатат. Ислам Каримов акырындап бийлик тизгинин парламент менен өкмөткө өткөрүп бергенге даярданууда. Жакында Нурсултан Назарбаев дагы КМШ өлкөлөрүнүн президенттери менен жолугушуусунда бийликти парламент менен өкмөткө берүү керектигин айтты. Ошентип, Каримов менен Назарбаев дагы кыргыз тажрыйбасын эске алып, мамлекетинин саясий системин өзгөртүүгө аракеттенип жатышат. Мына ушунун өзү эле парламенттик башкарууга багытталган жолубуз тарыхый жактан туура экендигинин эң сонун далили. Кошуна мамлекеттердин биздин тажрыйбага таянып жатканы биз үчүн сыймык",- деди Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Партия лидеринин айтымында, "тулпар тушунда" дегендей, ар бир парламентке тарых өзүнчө сыноолорду койгон. "5-чакырылыштагы парламент дагы тарыхый кырдаал ага жүктөгөн милдетти татыктуу аткарды деп ойлоймун",- деп кошумчалады Ө.Текебаев.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
07.07.2015. 18:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
09-08-2014
Соӊку аракети:
11-09-2016 11:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
ии куйдуротго
07.07.2015. 20:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
10-06-2015
Соӊку аракети:
15-06-2018 17:25
Жынысы:
Белгисиз
-1
feruza86,Аябай акылдуусун го анда сен.
08.07.2015. 17:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
21-04-2015
Соӊку аракети:
29-09-2016 18:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу учун жаны тынбай чуркап журот да досум
07.07.2015. 21:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
26-09-2014
Соӊку аракети:
27-11-2015 05:28
Жынысы:
Белгисиз
+9
На словах Лев Толстой а в делах ... простой.
07.07.2015. 23:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
15-11-2013
Соӊку аракети:
13-09-2016 23:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
+2
Негизи ар дайым озгочо тарыхый кырдаалда,келечектеги чечууучу оор олуттуу кадамдарды Орто Азияда эн биринчилерден болуп Кыргызстан кабыл алат.
08.07.2015. 17:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
21-04-2015
Соӊку аракети:
29-09-2016 18:01
Жынысы:
Белгисиз
0
jetinur90,Туура айтасын, биз парламентаризмге багытталган башкаруунун оор этабын артка таштадык, демек башка кошуналарга улгу боло алабыз.
08.07.2015. 00:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
03-07-2015
Соӊку аракети:
09-07-2015 01:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
парламентик система болбойт
08.07.2015. 10:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
22-01-2015
Соӊку аракети:
25-09-2015 04:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооз менен айтып койо берет да, бул эки аксакал бийлигин эч качан,эч ким менен болушпойт мумкун да эмес.
08.07.2015. 16:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
10-04-2015
Соӊку аракети:
18-11-2018 21:12
Жынысы:
Белгисиз
0
башка мамлекетте бийлик парламент менен окмотко отсо да, Озбекстанда отпойт, Каримов олгондо гана отушу мумкун.
08.07.2015. 17:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
21-04-2015
Соӊку аракети:
29-09-2016 18:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Каримов менен Назарбаев парламенттик системага отуу керектегин айта баштаганы, юиздин жол менен бараарлыгынан кабар берет. Баштап берген Текебаевке ырахмат!
08.07.2015. 17:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
13-02-2015
Соӊку аракети:
05-01-2017 12:53
Жынысы:
Белгисиз
0
BiTiSHKa, уууууфффф иииийй чарчатпагылачы....
08.07.2015. 18:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
21-04-2015
Соӊку аракети:
29-09-2016 18:01
Жынысы:
Белгисиз
0
paula.90,чарчаба досум, жакшы заманды бирге курабыз, 30га чыкпай жатып чарчасан кийинкиси кандай болот, уфулап, ийлебей кайраттуу бол, Текебаевдей азамат аганды колдоп ак иштесен кудай берет сага да, турмуштан тажаба иним.
08.07.2015. 21:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
22-10-2013
Соӊку аракети:
19-12-2017 20:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
+1
Кызык, Текебаев ото чон иш болжолдоп журот корунот. Бут жанылык турмогун ээлегенине караганда. (Супер инфо узур) Ушул киши эч жакпайт.
09.07.2015. 13:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
19-06-2018 21:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалкоолизм шаары,бекерпоз кочосу,тентимиштер уй булоосу)))
0
Текебаев ХХХ ХХХ ХХХ... билип туралык.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-07-09 14:32:56
09.07.2015. 14:33 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Gayshiyip_turat - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
10.07.2015. 03:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
229
Катталган:
26-06-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 23:07
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ээй айта берет, парламенттик башкаруу болбойт, болсо бизге эмне жакшылык алып келди, кандай болуп онукту . 120башчынын бизге эмне кереги бар, жакшы элге бир башчы дейт. Шайлоого карата упай топтоо учун айтылган соз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117864;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: