ЭЛДИК КАБАР: Москвада "окууга киргизип, ишке орноштурам" дегендерге алданган 40тай кыргыз жаранынын барар жери жок калды

Москвада "окууга киргизип, ишке орноштурам" дегендерге алданган 40тай кыргыз жараны барар жери жок калды. Бул тууралуу 8-июлда SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
Маалыматка караганда, Сагина Меңдулатова, БолотДинара Приева аттуу жарандар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Москвадагы окуу жайга киргенге жардам беришерин айтышкан. Аларды Евразия университетине окууга өткөрүп, жатаканага жайгаштырып, андан тышкары жумуш таап беребиз деп чакырышкан. Алданган жарандар элчиликке барганда убадаланган окуу жайдын жоктугу, документтеринде Орусияга келүү максатын көрсөтө турган жерге "окуу" эмес, "жумуш" деп жазылганы белгилүү болгон. Окууга деп чакырылгандардын баары 17-18 жаштагылар.
"Бизди университетке окууга чакырышкан. Ал жерге биз сынак тапшырбай өтүшүбүз керек эле. Ошондой эле бизге иш орундары жана жатакана берилиши керек болчу. Айлык акыны 20-25 миң рубль дешкен. Окууга болсо биз 63 миң рубль төлөмөкпүз. Бизди Евразия университетине деп чакырышкан. Документтерибизди, аттестаттарыбызды жөнөткөнбүз. Биз келгенде 1 айдын ичинде ал окуу жай жоюлуп кетти. Билеттерди ата-энелерибиз алып беришкен. Документке ар бирибиз 3500 рубль бергенбиз. Азыр барар жерибиз жок. Биз элчиликтен эч кандай жардам ала албайт экенбиз. Эми кыргыз жерине барып маселени өзүбүз чечип алышыбыз керек экен",- дейт Ош шаарынан Орусияга барган Нурбек уулу Чалкарбек.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.


кошулду
Москвада 40тай кыргыз жараны алданып, барар жери жок калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Sexy_88
2015-07-08 10:27:15
Москвага чакырган адамды жазага тартыш керек. Журогу тоодой адам экен го. Ушунча адамды алдап, кулчулукка турконун кара. Бул аял буга чейи да башкаларды алдап журсо керек. Суракка алуу зарыл.
+7
aikol87
2015-07-08 10:30:05
Кантип дити барат алдаганга эч тушунбойм.Жузу жоктор.Оку жайды тактап анан барышса болмок экен.Эсен аман келип алышсын эми.
+3
temirov76
2015-07-08 11:29:13
Кызык,жакшылап тактап туруп анан барбайбы?
+3
magnat1013
2015-07-08 12:16:50
азыр интернет деген нерсе бар го билип алып келишсе болмок...
+5
nurzada78
2015-07-08 12:26:46
Ишенчеек,момун кыргыз дагы алдандынбы?"Москва коз жашка ишенбейт" деген соз бекеринен айтылбаса керек кыргызым!
+2
Alina1984
2015-07-08 12:58:42
Бири бирибизди алдап журуп емнеге жетеер екенбиз
+3
Eli75
2015-07-08 13:01:05
Ошол алдаган кыздар кыргыз го. Ыйман-ынсап деген калбады айрым адамдарда. Эми Кыргызстанга аман-эсен кайтып келип алгыла, бул жактан эле билим алганынар дурус.
+2
Ajar.
2015-07-08 13:09:49
Сагина, Приева... Кызыктай экен, аты-жөндөрү.
Балдарга ат коёрдо кыргызча эле, маанилүү, түшүнүктүү ысым коюшса, кийин уялбагыдай кылып.
Алдамчылар көбөйдү, "ишеним" деген касиет жоголду... Эч кимге ишенбей турган болдум, ушундайларды окуй берип...
+1
MIRlan
2015-07-08 13:42:22
Автор, июль айындагы жеңүүчүго. :)
тема боюнча: жаман болуптур.
+1
mamaidingory
2015-07-08 14:09:02
Эми тура мес договор болгонго же аларды орустар алдагандыр балким.болбосо качып кетмекда,ошол жерде журушсо бир жолун табаттыр.балдар келбей ошол жакта окуугула келечегинерге жакшы болот.
+1
operaledi
2015-07-08 14:16:29
Элчилик эмне кылып отурат негизи. Баардык нерсеге озунор куноолуу, озунор чечип алгыла деп басып кетишет. Элчиликке иштеген адамдарды жоноткулочу, сураныч!!!Башка улуттардын элчилиги коп маселелерди чечип келишет, оз жарандарынын укугун коргошот. А биздики тебелеп тепсеп атышат.
+2
jazgul80
2015-07-08 15:12:48
Москванын элчилиги да кооп кетиш кен. Нормальный мамиле жасашпайт кыргыздар менен
+2
korsaromega
2015-07-08 15:56:25
Москвадагы элчилик эмне кылып отурат! МИД жетекчиси ушундай нерселерди териштирбейби? Мындай министрликтин бизге кереги барбы? Жалан гана бизнес кылууда! Бир да кишинене уканым жок мага элчилик жардам корсотту деп.
+2
Rasul_Rahmanaliev
2015-07-08 20:42:55
Ошол акмактарга алданып калган силерге да балли!!Россияда экзаменсиз бир да окууга кабыл албайт,керек болсо мектепке да тест аркылуу киресин. Кыргызстандыктарды алдаган акмактарды жазага тартуу керек.Алар башка регионго кетип калышы ыктымал.А Орусияда окуп иштеп жашоого мумкун эмес..Окууга бардынбы демек оз кучун менен тапшырып оку,акчаны кааласан иште!ЭХХХ бири бирибизди сатып,алдап эшек жайлоого чыгып алганбыз((((
0
tynara81
2015-07-10 10:22:26
Ошол алдагандар алар менен чогуу барыптырбы, бир аз түшүнбөй калдым.
Орусияга келүү максаты "жумуш" деп белгиленген дейт, аны самолётто келсе таможныйдан өздөрүнөн сурайт го миграциялык картага белгилеш үчүн, поездде келсе өз колу менен белгилейт го. Окуйбуз деп келдик десе, "окуу" деп белгилеп беришмек да аэропортто.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан