Борбор шаарда бавариялык «Zapf & Zapf’nstreich» тобу концерт берет

Бишкекте 8-март - Эл аралык аялдар күнүнө карата бавариялык «Zapf & Zapf’nstreich» квартети концерт берет. Маалыматка ылайык, концерт 8-март күнү Улуттук консерваторияда өтөт жана кирүү акысыз. Белгилей кетсек, бул квартет 1994-жылы түзүлгөн, курамында Руди Цапф – топ жетекчиси, Хуго Зигмет, Андреас Зайфингер жана Харри Шарф аттуу солисттер бар. Таланттуу музыканттар эски чыгармаларга жаңыча жашоо берип, аларга африкалык, испандык, мексикалык, кубалык, еврейлик ритмдерди кошуп бийик деңгээлде аткарышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан