Мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаевдин бир тууган агасы
Калыйбек Шаршеновдун сөөгү жерге берилди. Ал 8-июлда 64 жаш курагында көз жумганы айтылган. К.Шаршеновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты маркум жашап келген Аламүдүн районундагы Арашан
айылында болду.
Агасынын кайтыш болгондугуна байланыштуу президенттин Уфага учуусу бир нече
саатка артка жылдырылган эле.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге жана анын жакындарына бир тууган агасы Калыйбек Шаршеновдун мезгилсиз кайтыш болгондугуна байланыштуу SUPER.KG порталынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.