super.kg logo

"Ата Мекен" менен Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы күзүндөгү шайлоодо кызматташуу тууралуу келишим түзүштү

 

Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин жыйындар залында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон депутаттар, Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын лидери Артур Медетбеков баштаган өкүлдөр, Жалпы аскердик кыймылдын генералдары, офицерлери дүйнөдөгү жана аймактагы курч саясий-аскерий абалды талкуулоо үчүн чогулушту. 

Аталган саясий уюмдардын позицияларынын дал келгендигине байланыштуу стратегиялык өнөктөш катары күзгү парламенттик шайлоо учурунда жана андан кийин дагы өлкөнүн коопсуздугу үчүн кызматташары белгиленди. Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев: "Биз дүйнөдөгү жана аймактагы коопсуздук маселелерин талкууладык. Биздин позицияларыбыз дал келгендигине байланыштуу күз айларында өтүүчү парламенттик шайлоолор учурунда жана андан кийин дагы кызматташуу боюнча келишимге кол койдук",- деп билдирди.

Эки партия биргелешип кабыл алган билдирүүнүн маңызы төмөндөгүчө: 

"Өзүн демократиялык жана укуктук мамлекет деп эсептеген ар бир өлкө эң алды менен элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштеши керек. Негизги максат - адамдардын коопсуздугун жана туруктуу жашоо-тиричилигин сактап, соттук акыйкаттык жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн күрөшүү. Акыркы мезгилдерде өлкөбүздө үй-бүлөлүк-кландык коррупцияланган режимдерди жоюуда, парламентаризмдин жана элдик бийликтин принциптерин киргизүүдө бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү маалым болду. Конституциялык реформа жүргүзүлүп, коррупция жана криминалитетке каршы аёосуз күрөш жарыяланды. Бирок азыр да авторитаризм, регионализм, кландык бөлүнүүлөр жана өлкөнү бөлүп-жарууга карата жасалган аракеттердин кайрадан келүү коркунучу бар. Мындан тышкары мамлекеттин бүтүндүгү жана өнүгүүсү үчүн жаңы коркунучтар пайда болууда: эл аралык терроризим жана экстремизм, чек арадагы чыр-чатактар, уюшкан кылмыштуулук жана маңзат менен соодалашуу. Коррупция жана бийликтин криминалитет менен биригип кетиши мамлекетти ичинен жеп, демократия жана эркиндикти мокотот.

Элдин мээнети менен келген жеңиштерин колдон чыгарбай жана коомдун жашоосунун демократиялык негиздерин мындан ары улантуу, пайда боло калуучу коркунучтарга каршы туруу, мамлекетибиздин
гүлдөп-өсүшү, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо максатында "Ата Мекен" партиясы жана Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы мындан ары стратегиялык өнөктөш катары кызматташуу боюнча билдирүү жасашып, атайын келишимге кол коюшту. Аталган келишимге кол койгон эки партия 5 негизги пункттан турган кызматташууну ишке ашырышат. Мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, өлкөнүн маалыматтык аймагын коргоо, уюшкан кылмыштуулук, коррупция, терроризм жана бандитизм менен күрөшүү алардын негизгилери".
Ошондой эле аталган келишим боюнча эки партия "Коом бийликке эмес, бийлик коомго кызмат кылат" деген принциптерге бекем берилгендигин билдиришти. Алардын пикири боюнча, эгер кимдир бирөө бийликке жетип алып өзүн гана ойлосо, коом мындай жат адамдардан кутулушу керек.  

Билдирүүдө: "Биздин партиялар кыргыз элинин рухунун жана биримдигинин жалпы пайдубалында турат. Биз бир элбиз. Ошондуктан өлкөбүздүн калкы улутуна, динине жана дилине карабай бир кеменин ичинде алыска сүзүүгө чыккан адамдарды элестетет. Элдерибиздин ынтымак-ырашкерлиги - эртеңки келечекке ташталган чекиндүү кадам",- деп айтылат.

Тигил же бул партиялардын бир стратегиялык биримдикке кошулуп жатышын өлкөдөгү социалдык, саясий жана стратегиялык кызматташуулардын пайдубалын негиздеп, эгемен өлкөбүздүн бекем келечегин түптөп жаткан акт катары кароо керек. Элдин аң-сезимин, коомдун күрөө тамырын кармап билүүдө, күз айларында өтүүчү парламенттик шайлоолордун алдында түзүлүп жаткан бул келишим кыргыз коомчулугу үчүн абдан маанилүү болуп эсептелет.

Буга чейин "Ата Мекен" социалисттик партиясы "Улуттар биримдиги" элдик партиясы, Үй куруучулардын саясий биримдиктери менен ушундай эле стратегиялык келишимдерге кол коюшкан. "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымына караганда, мындай келишимдер алдыда дагы күтүлүүдө. Бул "Ата Мекен" партиясынын коомчулуктун алдындагы кадыр-баркынын мурдагыдан да өсүп бараткандыгынан кабар берет.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
15.07.2015. 18:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
14-01-2012
Соӊку аракети:
13-07-2017 22:16
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ата Мекен" социалисттик партиясы акыркы мезгилде сабаттуу жана коом учун пайдалауу кадамдарды жасоодо. Мамлекеттин коопсуздугун коргоо багытында жалан генерал жана офицерлер менен биригип иш алып барууга жасалган аракет чыныда бугунку кундун талабы. Анткени мамлекетибиздин, элибиздин коопсуздугу Медербеков сыяктуу Генералдардын колунда. Элибиз, жерибиз тынч болсо болгону. Кызматташуунар кут болсун! Алга "Ата Мекен", "Улуттар Биримдиги", "Ашар" жана турак жайчылар, мына эми жаны кошулган партия!
15.07.2015. 18:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
21-04-2015
Соӊку аракети:
29-09-2016 18:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Текебаевди мурдатан эле колдоймун. Бугун да аскер адамдары менен бириккенин жактырдым. "Ата Мекендин" жолунун туура экендигине ынангандар ушинтип оздору тандап жатышат. СССР Эл артисти Капар Медетбековдун уулу Артур, атасын тартса элге иштээрине ишенсе болот. Чынчыл эле жигиттей корунот. Булардын аракетин колдоцмун!
15.07.2015. 19:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
15-07-2011
Соӊку аракети:
13-11-2018 14:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарын окубадым узуун,илме чалма создор, ток этери Ата мекенге жана дагы саясий куч кошулду деп тушундум
16.07.2015. 08:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
13-07-2015
Соӊку аракети:
02-07-2017 13:13
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ата-Мекен кундон кунго кучтуу болуп, курамына белдуу саясатчыларды кошкону АШАнын уйкусу качып, Ата-Мекендин мучолоруно ар кандай компроматтарды даярдап жаткандыгын эшиттик. Эмнеси болсо да АШАнын ботко саясатына каршы тура алган бир эле куч турат ал-Ата-Мекен.
16.07.2015. 08:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
30-07-2014
Соӊку аракети:
18-06-2018 00:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♥ Кыргызстан ♥ ★ Ош ★
0
Duko, Атамбаев шайлоого катышпайм деген.
16.07.2015. 09:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
01-07-2015
Соӊку аракети:
02-09-2015 16:37
Жынысы:
Белгисиз
-1
катышабы же катышпайбы АША уйкусу качып шайтандын создорун суйлоп АША чаап кетип жататго анан
16.07.2015. 14:58 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
22-01-2015
Соӊку аракети:
05-01-2018 22:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Аша баспайм деген жерин жуз жолу басат.
16.07.2015. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1222
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 23:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
0
А эмнеге АТА - МЕКЕН оз алдынча партия бойдон кала албайт? Демек, башка партияларды жандаганына караганда оз позициясын келечекте иш жузуно ашыра албасына козу жеткен го??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: