Президент террорчулар менен атышууда жаракат алган жоокерлерди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү тапшырып, зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн каражат бөлдү

Бүгүн, 18-июлда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчы Улуттук коопсуздук комитетинин күндөлүк иштери, ошондой эле учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат алды.

Бусурманкул Табалдиев 16-июлда Бишкек шаарында УКМКнын атайын багыттагы бөлүгү тарабынан ишке ашырылган эл аралык террордук уюмдардын жоочуларын жок кылуу боюнча контртеррористтик операция жөнүндө айтып берди. «Атайын операциянын жүрүшүндө 4 жоочу жок кылынып, 7 террорчу кармалды, тергөө иштери жүрүп жатат. УКМКнын 4 кызматкери жаракат алды, азыр алардын ден соолугу канааттандырарлык абалда. Көп сандагы курал жана ок-дарылар тартылып алынды»,- деп билдирди Бусурманкул Табалдиев.

Президент Алмазбек Атамбаев атайын операцияга катышкан УКМКнын атайын бөлүгүнүн жоокерлерин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү, ошондой эле жарадар болгондорду зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз кылып, аларды медициналык жактан тейлөөнү өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Бул максаттарга президент акча каражаттарын бөлдү.

Мамлекет башчы террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү, өлкөгө жана анын жарандарына каршы багытталган ушул сыяктуу кылмыштардын бетин ачып, тамырын кыркуу боюнча УКМКнын ишмердигин мындан ары да күчөтүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан