Бүгүн, 20-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети согушчандарды жок кылуу учурунда тартылган видеону таратты. Анда атышып жаткандагы учур, бир канча адамдын жерде өлүп жатканы жана үйдөн табылган куралдар көрсөтүлгөн.
Айта кетсек, 16-июлда Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрү кесилишкен жерде куралчан согушчандар менен атышуу болгон. Андан "Альфа" атайын кызматынын 4 жоокери жаракат алып, согушчандардын бешөө өлтүрүлгөн. Ал эми 7 адам кармалган. Алар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экендиги жана алардын башында казакстандык кылмышкер Жанболот Амиров турганы аныкталган.
Кылмыштуу топ 17-июль - Орозо айт күнү эл көп топтолгон жерлерде жана Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасында жардыруу уюштурууну пландашкан. Аскердик базаны жардырып, андагы куралдарды алууну көздөшкөн.